Ош мамлекеттик университетинде КРнын Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата 6-декабрда Манас таануу сабагы боюнча факультеттер аралык студенттик интеллектуалдык «Брейн-ринг» билимдүүлөр таймашы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, таймашта командалар Манас таануу сабагы боюнча суроо-жооп, блиц-тур, капитандар таймашы сыяктуу үч турда күч сынашып, алар атайын адистер тарабынан бааланды. Жыйынтыгында ОшМУнун Медициналык колледжинин командасы 1-орунду, педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы 2-орунду, бизнес жана менеджмент факультетинин командасы 3-орунду ээлешти. Ошондой эле 1-2-3-орунду ээлеген команданын курамына жана Манас таануу предметинен билим берген окутуучуларына дипломдор менен биргеликте Арстанбапка жайкы эс алууга жолдомолор тапшырылды.
«Брейн-ринг» билимдүүлөр таймашын уюштуруунун негизги максаты студенттер арасында интеллектуалдык деңгээли жогору студенттерди тандап алуу, билим алууга болгон кызыгууларын арттыруу, билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо болуп саналат.