Борбордо кечээ калың жааган карды тазалоо иштери түнү менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолдорду кардан тазалоо иштерине 5 трактор, 4 грейфердик жүктөгүч, ошондой эле 2 ЗИЛ жана 16 МАЗ 806 үлгүсүндөгү унаалар (жалпы 27 техника) ишке тартылды. Андан сырткары жөө жүрүүчүлөр басчу жолдорду тазалоого 544 жумушчу тартылган.
“Бишкектин борбордук көчөлөрүн тазалоо кечээ саат 21:00дө башталып, түнкү саат 2 чамасында аяктады. Эртең мененки саат 8де жолдорго кум жана туз чачылды. Унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн бардык күчтөр жумшалды”,- дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев.