Бишкектеги жолдорго бүгүн эртең менен 677 тонна кум, 59 тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда “Тазалык” ишканасынын кампасында 1692 тонна кум, 258 тонна туз бар. Ошондой эле инерттүү материалдарды жеткирүү улантылууда.