“Манас” Эл аралык аба майданынан жыл башынан бери 26 миңден ашуун рейс катталып, 2 миллиондон ашуун кардар тейленген

“Манас” Эл аралык аба майданынан 2014-жылдын 11 айында 26 315 рейс (учуу-конуу) катталып, анда 2 миллион 746 755 жүргүнчү тейленген. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы “Манас” аба майданынын кызматкерлери 1 миллион 524 622 адамга кызмат көрсөтүшкөн. Анын ичинен 1 миллиону эл аралык аба каттамдардын жүргүнчүлөрү, ал эми 467 миң адам ички рейстердин жүргүнчүлөрү болуп саналат. Ошондой эле “Манас” аба майданынан ташылган жүктөрдүн жалпы салмагы 17 516,7 тоннаны түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан