Маалыматка ылайык, саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарындагы Иваницин, Үмөталиев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу көчөсүндөгү №22-көп кабаттуу үйдө, Балбан-Таймаш, Арча-Бешик, Ак-Босого жаңы конуштарында көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында саат 09:00дөн 17:00гө чейин, Гавриловка айылында 09:00дөн 12:00гө чейин Горький, Пушкин, Забайкальская, Школьная, Олимпийская, Северная, Дружба, Новая көчөлөрүндө жарык өчөт. Гавриловкадагы Южная, Восточная, Фрунзе көчөлөрүндө, Шопоков шаарындагы Достук, Футбол, Тынчтык көчөлөрүндө саат 12:00дөн 16:00гө чейин чектөө киргизилет.
Мындан сырткары саат 09:00дөн 17:00гө чейин Новопавловка, Военно-Антоновкада, Сокулук районунда электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.