Коомдук жайларда, шаарды көрктөндүрүүдө тазалыкты жана маданий жүрүм-турумду сактоо максатында Биринчи Май райондук администрациясы шаар тургундарын жана конокторду муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө жаштар коомдук жерлерде жүрүм-турум эрежелерин сактабай, муниципалдык мүлктөрдү бузуп, чатырчалуу орундуктарга ар түрдүү жазууларды калтырышууда.
Биринчи Май райадминистрациясы Эркиндик бульварындагы таштанды үчүн челектерди, чатырчалуу орундуктарды, Бишкек шаарындагы бардык муниципалдык мүлктөрдү, коомдук жерлерде көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин сактоого жана аяр мамиле кылууга үндөөдө.
Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук администрациясы Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын колдоосунда 2013-жылы Эркиндик бульвары көрктөндүрүлүп, оңдоп-түзөө иштери өткөрүлгөн. Бульвар толугу менен оңдолуп, бардык орундуктар сырдалган. Жаңы таштанды челектери коюлуп, тышкы жарыктандыруу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулган. Ушул жылдын жай мезгилинде 12 чатырчалуу орундук жаңы орундуктарга алмаштырылган.