Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу кар көчкүдөн улам жабылды

Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу кар көчкүдөн улам Кара-Коо ашуусунун аймагынан жабылды. Муну бүгүн, 8-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Кар көчкү 7-декабрда саат 19:30 чамасында түшүп, кар түнкү саат 3төрдө тазаланган. Бүгүн, 8-декабрда аталган жолдун 45-чакырымына кайрадан көчкү түшкөнү, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Автоунаалар үчүн жол жабык. 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү өлкөдө кар көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин билдирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан