Кара-Суу районунда ички чарбалык жолдор жабык турат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-8-декабрь күндөрү калың жааган кардын жана шамалдын айынан Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Лаглан, Тээке айылдарына баруучу ички чарбалык жолдору жабылып калган. Аталган ички чарбалык жолдорду кар күрткүсүнөн тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн саат 06:00дө 1 даана бульдозер бөлүнүп, жөнөп кетти.