Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн рейддин алкагында Свердлов районунда жайгашкан “Домино” түйүнүнүн айланасы антисанитардык абалга жеткени аныкталды. Кургак тиричилик таштандылары баш аламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери көзөмөлгө алынбаганы белгилүү болду. Ошондой эле курулуш таштандылары белгиленбеген жерлерге баш аламан ташталганы аныкталган. 

Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери тарабынан аталган ишкананын директору М.Үмөтовдун атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан