Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, автоунаалар үчүн ачылды. Муну бүгүн, 9-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Көчкү 3 саатта тазаланып бүткөнү, учурда унаа каттамы жолго коюлганы айтылды.
Эскерте кетсек, аталган жолдун Кара-Коо ашуусунун аймагына кар көчкү 7-декабрда саат 19:30 чамасында түшүп, кар түнкү саат 3төрдө тазаланган. 8-декабрда аталган жолдун 45-чакырымына кайрадан көчкү түшкөнү айтылган болчу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү өлкөдө кар көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин билдирүүдө.