Бишкек шаарында Коомдук координациялык бизнес-бирикмесинин уюмдаштырылган жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов катышты. Биринчи жыйында калаанын бизнес-бирикмесинин төрагасына Александр Ведь тандалып, Коомдук координациялык кеңештин башкаруусу 14 адамдан турган топко тапшырылды.