Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Астана шаарында жыл сайын өтүүчү дипломаттык кайрымдуулук иш-чарасына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган иш-чарага Казакстанда катталган чет элдик элчиликтердин бардык өкүлдөрү катышты. Анда ар бир өлкөнүн элчиликтери улуттук тамак-аш жана суусундуктарын, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатыкка коюшту.
Жарманкеге Кыргызстандын атынан катышкан бөлүмдө кыргыз улуттук тамак-аштары, суусундуктары жана азем белектер сатыкка коюлду. Ошондой эле кайрымдуулук лотереяга байге катары Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагы коюлган. Жарманкеден түшкөн бардык каражаттар Казакстандагы балдар үйлөрүнө жардам катары берилгени маалым болду.