Бүгүн Чүй облусунун жана Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 10-декабрда Чүй облусунун жана Бишкектин айрым аймактарында көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн Бишкек шаарынын Белинский, Күрөңкеев, Жибек Жолу, Кудрук көчөлөрүндө, Долон тар көчөсүндө, Коммунаров көчөсүндөгү №11 "А", 121 “А”, “Б”, Жал кичи районундагы Курчатов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө, Мурас-Ордо, Ак-Босого конуштарында жарык өчүрүлөт.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка (Родниковая, Жапаров, Южная, Ала-Арча, Новая, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, Сельская, Жаш Гвардия, Садовая, Совхоз, Набережная көчөлөрүндө), Көк-Жар (Достук, Көк-Жар, Эгенбаев, Шабдан баатыр, Коңур Осмон, Үмөталиев, Маликов көчөлөрүндө, Панорама тарап), Лебединовка (Садовая, Мичурин, Комсомольская көчөлөрүндө, Победа чоң көчөсүндө), Арашан, Татыр, Чуңкурчак айылдарында, ал эми Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Энгельс, Тоголок Молдо, Тельман, Карл Маркс, Матросов, Павлик Морозов көчөлөрүндө) шаарында жана Эрик-Туу, Эри-Суу айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан