Бул жылы Эл аралык диабет федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 23-Эл аралык кант диабет күнүн белгилешти. Кыргызстанда кант диабети менен жабыркагандардын саны расмий түрдө 287 баланы түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда “Диабетсиз балалык” коомдук уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева билдирди.
“Тилекке каршы, бул илдет менен жабыркаган балдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Аларды колдоо максатында биз “Балдарыбызга келечекти белекке берели!” аталыштагы акцияны өткөрүүнү пландап жатабыз. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, учурда кант диабети менен жабыркаган балдарды бала бакчага да алуудан баш тартышууда. Ага себеп катары алар менен иштегенге атайын адистер, ошол эле медиктер жоктугун айтышат. Бул оору жөнүндө эл арасында кеңири маалымат жоктугунан улам ушул сыяктуу стереотиптер пайда болууда”,- дейт Н.Жумабаева.
Анын айтымында, ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон ата-энелер Кыргызстанда өз уюмун түзүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле өз балдары үчүн атайын 24 балага ылайыкталган жеке бала бакча ачышкан. Бирок ал жакка азыркы учурда 12 гана кант диабети менен жабыркаган бала барууда. Алар менен ден соолугу таза балдар да бирге келип жатканын айтат.
“Иш-чаранын негизги максаты ЖКнын депутаттары, өкмөттүн жана министрликтердин өкүлдөрү кант диабети менен жабыркаган балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тоскоолдуксуз алууну көзөмөлгө алуу болуп эсептелинет”,- деп кошумчалайт Н.Жумабаева.
Маалым болгондой, чет өлкөдө кант диабети менен жабыркаган балдар кадимки эле бала бакчаларга барышат. Адистер бул баланы коомдон бөлбөө үчүн жасалганын белгилешет. Чет өлкөлөрдө кант диабети менен жабыркагандардын жашоосунда эч кандай чектөө жок. Массалык маалымат каражаттары жазып чыккандай, кант диабети менен белгилүү футболчу Пеле, актриса Шэрон Стоун жана Хэлли Берри жана орус актёрлору Евгений Леонов, Юрий Никулин, Эльдар Рязанов, Нонна Мордюкова, Михаил Боярский, Людмила Зыкина сыяктуу белгилүү инсандар да жабыркаган. Бирок алар оорусуна карабастан, албан-албан ийгиликтерди жарата алышкан.