Лейлек районунда кыргыз-тажик чек ара мекемелеринин өкүлдөрү жолугушту

9-декабрь күнү Лейлек районунда кыргыз-тажик чек ара мекемелеринин өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда эки тарап жыл жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылга кызматташуу боюнча негизги багыттарды аныкташты.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылы эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү 80ден ашык жолугушууларды өткөрүшкөн. Анда чек арадагы инцидент, конфликттерди азайтуу маселеси каралган. Ошондой эле жыл башынан бери кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде 32 инцидент катталган. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан