Ош. Балдар бакчаларынын тарбиячыларынын арасында “Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим!” аттуу сынак өттү

Бүгүн, 10-декабрда Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу “Наристе” балдар бакчасынын тарбиячыларынын ортосунда “Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим!” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Анда тарбиячылар мамлекеттик тилге байланышкан суроолорго жооп беришип, кыргыз акындарынын ырларынан көркөм айтуу жана кыргыз бийин аткаруу боюнча күч сынашышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.   

Маалыматка ылайык, ага улай эле улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган “Тоо булбулу Токтогул” деген темадагы адабий-музыкалык кече болду. Кыргыз тили бөлмөсүндө көргөзмө уюштурулуп, ага аталган башкармалыктын кызматкерлери жана бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кыргыз тили мугалимдери күбө болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан