Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Көмөк чордондорундагы жана аба чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу 11-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.    

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Месарош көчөсүндөгү №95, 96-көп кабаттуу үйлөрдө, Кара-Жыгач (Ысык-Көл, Соң-Көл, Исакеев, Кемин, Кожояр, Берекет көчөлөрүндө) конушунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин (Набережная, Алматы, Коммунарская, Садовая көчөлөрүндө жана Зелёная тар көчөсүндө), Арашан, Татыр, Чуңкурчак айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Андан сырткары Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Труд, Киргизская, Луговая, Комсомольская, Грибоедов, Чапаев, Коммунистическая, Интернациональная көчөлөрүндө) шаарында “Главная”, “Стрельниковой”, “Степная” көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы берилбейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан