Маалыматка ылайык, К.Боронов ӨКМнын аскер кызматкери Акбаралы уулу Жусупбекке операция жасаган түштүк кореялык дарыгер Ха Хон Ён, каржылык жардам көрсөткөн Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин өнөктөшү Пак Чин Вон жана КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында министр дарыгер менен Акбаралы уулу Жусупбектин азыркы абалы жөнүндө сүйлөшүштү. Жолугушуунун алкагында министр дарыгер Ха Хон Ён менен финансылык жардам көрсөткөн Пак Чин Вонго КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төш белгилерин ыйгарып, көрсөтүлгөн жардам жана колдоолоруна терең ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, 2010-жылдын Июнь окуясында куралданган адамдар тарабынан Нариман айылында жайгашкан ӨКМнын Тез арада ыкчам аракет көрүү борборуна кол салуу болгон. Анда 23 жаштагы Акбаралы уулу Жусупбектин өпкөсүнө жана арка омурткасына үч ок тийген. Түштүк Кореядагы На-Ын клиникасында ага 3 жолу операция жасалып, акысыз дарыланды. Ал эми 9-декабрда ал Кыргызстанга кайтып келген. Тилекке каршы, ал азырынча өз алдынча баса албайт.