Ош. Орто мектептерде окуучулардын билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, иш-аракеттерди күчөтүү баса белгиленди

Бүгүн, 11-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №10-орто мектепте “Мектептин ички көзөмөлү” аттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында эң биринчи окуучулардын билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, иш-аракеттерди күчөтүү баса белгиленди. Сабак өтүүдө окуучуларды кызыктыра ала турган ыкмаларды колдонууну мектеп мугалимдери ачык сабактарды өтүү менен көрсөтүп беришти. Ошондой эле түрдүү суроолорду камтыган “Акыл ордо” сынагы уюштурулуп, окуучулардын дүйнө таанымы канчалык деңгээлде өсүп жаткандыгын байкоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан