"Мен өлүмдү күтө берип, андан үмүтүм деле үзүлүп бара жатат" дейт 179 жаштагы индиялык карыя

Индиянын түндүгүндө 179 жаштагы дүйнөдөгү эң кары адам жашайт. Анын аты - Махашта Мураси, ал 1835-жылы 6-январда жарык дүйнөгө келген. Учурда жергиликтүү калк ага Өлбөс деген ат коюп алган. “Мен өлүмдү күтүүдөн тажадым, ал мени унутуп калса керек”,- деп тагдырына нааразы болгон карыя чет элдик маалымат каражаттарынын бири менен маек курган.

Азыркы күндө менин эч кимим жок калды, жадакалса неберелеримди да көп жыл мурун о дүйнөгө узаткам. Ал эми өзүм ар бир кечирген күнүмдү өлүмдү күтүү менен өткөрөм. Акыркы учурда өлүмдөн деле үмүтүм үзүлүп бара жатат, мен өлбөс адам окшойм”,- дейт М.Мураси.

Карыянын айтымына караганда, ал Индиянын Бангалор шаарында чоңойгон. 1957-жылга чейин өтүкчү болуп эмгектенип, 122 жашында пенсияга чыккан. Белгилүү болгондой, Махашта Мурасинин колунда анын өздүгүн тактаган бир да документи жок. Ал акыркы жолу дарыгерге мындан 43 жыл мурун кайрылганы маалым. Бирок аны медициналык кароодон өткөргөн дарыгер да мындан бир нече жыл мурун каза болуп, эч кандай тиешелүү кагаздарды калтырган эмес. Ал эми бүгүнкү күндө карыяны медициналык кароодон өткөрүп, жашын аныктоого анын ден соолугунун начардыгы себеп болгону айтылат маалыматта. 2015-жылдын 6-январында Махашта Мураси 180 жаш курагын белгилемекчи.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
PATRIK-SILVER
2014-12-11 13:07:40
бессмертный)))
0
faha
2014-12-11 13:17:40
kalp
0
Aselina_kg
2014-12-11 13:19:44
Тан калыштуу экен....
+1
Chikus93
2014-12-11 13:26:55
Шумдугун кургур десе,
0
godogo4un
2014-12-11 13:33:25
мага кудайым 80 эле жаш берсе болот эле)))
+1
lusi2013
2014-12-11 13:44:31
godogo4un, Адам жашка тойбойт дейт го
0
HUMMER
2014-12-11 13:43:06
мына сага омур мен биздин мамлекет башчыбыз Алмазбек Шаршеновичкеда ушундай омур калайм коп жашасын
+3
saku94
2014-12-11 22:42:11
HUMMER, Неге именно Алмазбек Атамбаевге бул жашты кааладын, кандай тушунсок болот?
0
jetinur90
2014-12-11 14:05:33
Бироого эрте,бироого кеч. Кыргыздан бироо чыксачы)))
0
meka
2014-12-11 15:41:06
Субахан Аллах, ушул жерде өлүм да Алланын чоң нематы экенине ынанасын. Устазымдын айткан сөзүн эстеп кеттим: Эгер өлүм жок болсо, элестетип көрүңүздөр, жерге адам батпай, ооруп, өлөйүн десе өлө албай жүрсө, кандай ахвал болот эле? - деген. Мен бул сөзгө анда көп деле маани берген эмесмин. Азыр ошол сөздүн маанилүүлүгүн түш&#
0
ArgenMers
2014-12-11 17:41:37
Бул дагы Аллахтын каалосу менен?
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-11 21:37:46
Аллах кечиримдуу мээримдуу!!
0
insap
2014-12-11 23:30:42
Жараткан жашты берген екен го кусур ургур чалга!...
-5
Fedontasya1
2014-12-12 01:52:33
chyndygy dalilnenbey ele internetke jayilip ketken janylyk bul. kalp janylykty kim jazdy bul jakka. chyn bolso davno nonsens bolmok.
0
laziza
2014-12-12 09:47:28
аллах улук
0
NES1380
2014-12-12 10:59:59
Бул калп болуш керек, эч кандай документи жок болсо ким далилдей алат,
0
Aksy-13
2014-12-13 00:02:40
мен дагы ушинтип ойло атам.Себеби ушул мезгилге чейин эч ким укпаса керек бук чал жонундогу маалыматты. Карылыгынан канчага чыкканын деле унутуп калса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан