Бишкек шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү жарылган ысык суу түтүгү кыска убакытта калыбына келтирилет. "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы учурда суунун агышы токтотулуп, аймакта эки бригада иштеп жатканын билдирет. Мекеме көчө кыймылына ыңгайсыздык жаратканы үчүн шаардыктардан кечирим сурады жана кемчиликти жакын арада оңдоого убада берди.
Айта кетсек, бүгүн Фрунзе жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, мунун артынан көчөдө бир топко унаа тыгындары жаралган.