Бишкекте дагы бир ысык суу түтүгү жарылды

Бишкектеги Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир ысык суу түтүгү жарылды. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасынан бүгүн, 11-декабрда билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жерде агып жаткан ысык суу токтотулуп, оңдоп-кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мунун кесепетинен 12 турак үй жылуулуксуз калды.

Айта кетсек, буга чейин дагы Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде ысык суу түтүгү жарылып, жолдорду суу каптаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан