“Кыргызстанда жергиликтүү калктын өкүлдөрү жаратылышты коргоо топторун түзүп башташты” деп бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик аңчылык департаментинин кызматкери Рита Тынаева билдирди.
Анын айтымында, мындай топтор жаратылышты коргоо, мыйзамсыз мергенчилер менен күрөшүү иретинде уюшулуп жатат. “Жарандык топтордун алгачкылары Чүй облусунун Кемин районунда жана Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунда түзүлдү. Мындай топтордун түзүлүшү мыйзамсыз мергенчиликти кыйла азайтары күтүлүүдө. Кармалган браконьерлер төлөгөн акчанын 30 пайызын ошол адамга сыйлык катары берүү мыйзамы ишке кирди”,- дейт ал.
Ошондой эле мындай топтордун мүчөлөрүнө штаттан тышкаркы инспектордун күбөлүгү берилгени маалым болду.