Аба чубалгыларындагы жана көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 12-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда №-1387-көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш, Заречное, Баш-Кара-Суу, Жал айылдарында, Жайыл районуна караштуу Алексеевка (Школьная, Чапаев, Гречка, Жуков, Центральная, Калинин көчөлөрүндө) айылында электр жарыгы өчүрүлөт.
Чүй районуна караштуу Искра (Молодёжная, Юбилейная, Фабричная, Победа, Новоселов, Центральная, Беянхо көчөлөрүндө), Алчалуу, Талды-Булак, Султан айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.