Ош шаарында кечээ, 11-декабрда шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймактык кеңешинин Орке айылында жайгашкан Ч.Түлөбердиев атындагы №34-орто мектепке жана №40-балдар бакчасына күтүүсүз барды. Анда ал билим берүү мекемелеринин кышка болгон даярдыктары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле мэр шаар тургундарынын кыш мезгилиндеги жашоосунан кабар алды. Иш-чаранын алкагында жылуулук жакшы жетпеген үйлөрдө тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча кызматкерлерге тапшырма берди.