Борбор калаада “Диабет. Балдарыбызга келечекти белекке берели!” аталыштагы акция өтөт

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте “Балдарыбызга келечекти белекке берели!” аталыштагы акция өтөт. Бул тууралуу “Диабетсиз балалык” коомдук уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында борбордун Карл Маркс-Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинен баштап шаар ичинде “Диабет. Балдарыбызга келечекти белекке берели!” жазуулары бар троллейбус каттайт. Ага түшкөн жүргүнчүлөргө балдардын кант диабети илдети тууралуу кеңири маалымат берилип, ар кандай баракчалар таратылмакчы. Иш-чарага кант диабети менен жабыркаган балдар, алардын ата-энелери, ЖКнын депутаттары жана адистер катышат.

Эске салсак,  Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган балдардын саны расмий түрдө 287 баланы түзүүдө. Тилекке каршы, алардын саны жылдан-жылга өсүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан