Москва районуна караштуу Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын үй пайдаланууга берилди

Бүгүн, 12-декабрда Москва районуна караштуу Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын үй пайдаланууга берилди. Иш-чарага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, ЮНИСЕФ жана ЮСАИД эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башкармалыгы жана бир топ тургундар катышты. 
Балдар үйүндө эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 бала баш калкалайт. Аларды түрдүү тармакта адистикке ээ тарбиячылар көзөмөлдөйт. Долбоор ЮНИСЕФ, ЮСАИД жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинин демилгеси менен каржыланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан