Ош. "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 25 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлык жыйынтыкталды

Бүгүн, 12-декабрда балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунда КРнын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 25 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган маданий иш-чараларды жыйынтыктаган салтанаттуу кече болду. Аталган башкармалык кабарлагандай, анда мамлекеттик тил боюнча иш-чараларга активдүү катышкан мектептердин педагогикалык жамааттарын сыйлоо максатында шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 93 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга баалуу белектер жана Ардак грамоталар тапшырылды.

“Мамлекеттик тилди мыкты өнүктүргөн бала бакча” номинациясы боюнча баш байгеге шаардагы №35-бала бакча татыктуу деп табылды. Ош шаарындагы мектептер арасында өткөрүлгөн “Ыр кесе” сынагы боюнча №12, №14 жана №46-мектептер жеңишке жетишти. Мектептер аралык “Сармерден” оюну боюнча №11, №30 жана №42-орто мектептер алдыга чыгышты. “Тоо булбулу Токтогул” аттуу дил баян сынагы жана “Мамлекеттик тил – ар бир Кыргызстанда жашаган атуулдун сыймыгы” аттуу сүрөт көргөзмө сынагы боюнча мугалимдер жана окуучулар арасында алдынкы орундарга жетишкендер баалуу белектер менен сыйланышты.  

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын 25 жылдыгына карата 2014-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин жарыяланган 3 айлыктын жыйынтыктоочу бөлүмү катары өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан