“Бүгүн пайдаланууга берилген балдардын үйүндө жалпы 12 бала болот. Ал эми мындай психоневрологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын жалпы саны 395ти түзүүдө. Алар Жалал-Абад жана Сокулуктагы психоневрологиялык интернаттарда баш калкалап келишет. Бул үйдүн өзгөчөлүгү - мындан мээрим жана жылуулук табат. Муну айтканымдын себеби, берки эки интернатта 100-200дөн бала жашайт, андагы тарбиячылар ар бирине жеткиликтүү көңүл бура албай калышууда”,- дейт К.Базарбаев.
Аталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө ата-энесинин мээриминен ажыраган 12 тарбиялануучу кечээ көчүп келген. Тарбиялачылардын айтымында, мындай жакшы шарттарга келген балдар аябай сүйүнүштү. Жаңы үйдүн ичинде 4 уктоочу, 1 эс алуучу, жуунуучу бөлмө жана ашкана, жалпы 10 бөлмө бар. Ал эми жылына ага Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 1,5 миллион сом акча каражаты сарпталмакчы.
Маалым болгондой, жыл башынан бери өлкөнүн ар бир аймагында мындай типтеги бирден үй пайдаланууга берилген. Ал эми Сокулук районунда балдар үчүн 5 интернат иш алып барат, анда 760 бала тарбияланат.