Ысык суу жана жылуулуктун баасынын туура эмес эсептелиши боюнча бишкектик жарандын арызына "Бишкек жылуулукэнерго" ишканасы тарабынан чара көрүлдү. Муну бүгүн, 12-декабрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Айта кетсек, буга чейин Жал кичи районунун Эльмира аттуу жараны ысык суу жана жылуулуктун көрсөткүчтөрү туура эмес эсептелгени үчүн тийиштүү органга арыз менен кайрылган эле. Арыз ээси колдонгон жылуулук энергиясына 838 сом 88 тыйын төлөм жазылганын, бирок эсептөө гигаколориясы үчүн 917,78 сомдук тариф менен эмес, коммерциялык 1557,25 сом деген тарифте эсептелип калганын билдирген. Катачылык кеткенин моюнга алган "Бишкек жылуулукэнерго" абоненттин иштеткен жылуулук энергиясын кайрадан эсептеп чыгып бергени кабарланды.