Жаңы жылга карата балаты орнотуу, шаарды көрктөндүрүү былтыр 2-декабрда башталса, бул иштер быйыл бир аз кечеңдеп, 10-декабрда башталды

Бишкекте быйыл Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштери өткөн жылдагыга салыштырмалуу кечеңдеп, башкача айтканда, 10-декабрда башталды. Шаарды жарыктар менен кооздоо иштеринин алкагында жаңы жылдык балаты 6 жерге орнотулмакчы. Учурда “Ала-Тоо” аянтында бийиктиги 22 метр келген балаты коюлууда. Ошондой эле А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Улуттук филармониянын алдына, "Сейтек" балдардын чыгармачылык борборунда, Жалдагы Балдарды калыбына келтирүү борбору жана Кароосуз калган балдарды калыпка келтирүү борборунда бийиктиги 5 метрден 15 метрге чейин жеткен балатылар орнотулат. Учурда атайын штаб түзүлүп, иштер жүрүп жатат. 

Шаардык мэриядан бүгүн, 12-декабрда билдиришкендей, балатылар 15-декабрдан 21-декабрга чейин толук орнотулуп бүтүп, кооздолмокчу. Ал эми калааны жаңы жылдык маанайга ылайык жарыктандыруу иштери 5-декабрда башталган. Учурда Чүй кең көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик жана административдик мекемелердин имараттары кооздолууда.   

Салыштыруу үчүн айта кетсек, Москва шаарында жаңы жылдык балаты 18-декабрь күнү орнотулат. Анын бийиктиги 30 метрди түзүп, ал 4,5 миң жарыктандыруучу лампа менен кооздолору айтылууда. Ал эми Казакстандын борбору Астанадагы жаңы жылдык балаты 1-декабрь күнү президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда күйгүзүлдү. Иш-чарага миңге жакын бала жана шаар тургундары катышты. Астанадагы жаңы жылдык балаты менен бирге Казакстандын аймактарындагы бардык балатылар жандырылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zamir.79
2014-12-12 23:32:15
Азыркы мэрдин эмне иш кылып атканы белгисиз го. Же балаты жасалбаса, же ачылат деген жолу ачылбаса, же жолдогу карлар тазаланбаса. Олуу тируусу билинбейт дегендей болбой кыймылдабайбы.
+2
Nur45
2014-12-13 00:56:55
E emi jakwyna kursynda qolkany. Bultyrda kulap tywup it boldy ele. OOshto emne bolor eken M.Murzaxmatov ketip bultyrkydai bolboit tochna bilem.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан