Кечээ, 12-декабрда “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси Бишкек мэриясынын колдоосу астында “Балдарга келечек тартуулайбыз” деген аталышта кант диабетинен жабыркаган балдарды колдоого багытталган акция өткөрдү. Акцияга “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин карамагындагы балдар, алардын ата-энелери, “Пчёлка” балдар бакчасынын адистери, Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акциянын жүрүшүндө атайы кооздолгон троллейбус шаар кыдырып, аялдамадагы шаар тургундарына аталган оору тууралуу кенен маалымат таратылды.