Борбор калаада Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан узуну 10 метр, туурасы 4 метр келген чарба курулушу алынып салынды. Бул тууралуу 12-декабрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кезектеги рейддин жүрүшүндө Якутск көчөсүнүн жашоочуларынын муниципалдык аймактын эсебинен жер тилкесин кеңейтип алганы байкалган. Курулуш ээсине эскертүү берилгенине карабай курулуш улана берген. Андан соң Жеке турак жай куруу департаменти административдик протокол түзүп, аны соттун кароосуна жиберген. Биринчи Май райондук соту мыйзам бузуучуга 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.