Бишкек-Ош жолундагы кооптуу аймактарда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-декабрда Балыкчы шаарынан келген артиллериялык топ Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында саат 10:00дөн 12:00гө чейин 18 жолу аткылоо жүргүзүп, 35 миң метр куб кар көчкү түшүрүлгөн (кар унаа жолуна жеткен эмес). Саат 14:00дөн 14:40ка чейин аталган жолдун 251-чакырымында 10 жолу аткылоо жүргүзүп, 11 миң метр куб кар көчкү түшкөнү айтылды.
Маалыматка таянсак, Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык эсеп 2014-жылдын 9-декабрынан 12-декабрына чейин жалпы 79 жолу аткылоо жүргүзүп, 181 миң метр куб кар көчкү түшүрүлгөн.
Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда артиллериялык эсеп 2014-жылдын 9-декабрынан 11-декабрына чейин 28 атуу жүргүзүп, кар көчкү түшкөн эмес.