Кытайдын Хубэй провинциясынын 81 жаштагы тургуну, Мин аттуу байбиче парашюттан секирип, коомчулукту таң калтырды. Ал Австралияга уулуна жолугуу үчүн барган кезинде бийиктиктен секирүүгө кызыгып калган. Ошондогу кызыгуусу менен ал бийиктиктен секирүүнү максат кылган. Тилеги орундалып, эми туристтерди таңдандырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кошумчалай кетсек, улгайып калган кезинде парашюттан секиргендер коомчулукта көп талкуу жаратып келет. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын июнь айында АКШнын мурунку президенти Жорж Гербер Уокер Буш 90 жашка чыкканын парашюттан секирүү менен белгилеген.