Сузакта кар күрткүлөрүнөн улам жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда

Сузакта кар күрткүлөрүнөн улам жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Кыз-Көл айыл аймагында 7-8-декабрь күндөрү жааган кардын жана катуу шамалдын кесепетинен Кашка-Терек - Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаа жолу жабылган. Тазалоо иштерине 1 бульдозер тартылган, 13-декабрда 5 чакырым жол тазаланды, тазалоо иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан