Бишкек-Ош каттамында жүргүнчү ташыган таксисттер Кара-Көл шаарынын муздан тазаланбай жаткан жолуна нааразы. Таксисттердин бири
Нурлан Абдырасуловдун SUPER.KG`ге билдиришинче, трассанын аталган шаардагы бөлүгүндө жол жүрүү абдан кыйын болууда.
"Жыл сайын ушу, жол кардан тазаланбайт. Жолдогу муздар унаанын астына тийип калайын дегени аз келгенсип, жол аябай тайгак. Кара-Көл шаарында унаа тыгыны жаралганы не деген шумдук? Ушу кичинекей жерден бир саат дегенде өтүүдөбүз, шаар башчылары карап коюшпайбы?"- деп билдирди Абдырасулов 15-декабрда.
Муну башка таксисттер да тастыкташып, Кара-Көл шаарынын жетекчилигине нааразычылык билдиришти.