Ош шаарында Чернобыль апаатынын жоюлган күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында, Чернобыль апаатынын ардагерлерине, анда майып болгон жарандарга жана катышуучуларга “Келечек” чыгармачыл балдар үйүнүн бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Токтоназар Айтиев, шаардык кеңештин депутаттары жана башка меймандар катышты.