Бүгүнкү күндөн тарта өрт чыккан учурда же тез жардам керек болгондо колдонулуучу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “112” аталыштагы жаңы кызматы ишке кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, башка куткаруу кызматтарынан айырмаланып, “112” кырсык болгон жерге эртерээк жетүүгө багытталган. Белгилүү болгондой, бул долбоорду ишке киргизүүгө жыл башынан бери даярдык жүрүп келген.