Бүгүн, 15-декабрда Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов 2014-2015-жылдарга карата кыш мезгилинде жумуштар кандай жүрүп жаткандыгын көрүү үчүн бир катар бала бакчаларга барып, алардын жылуулугу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аким Гүлчө айылындагы №1 жана №4, Курманжан датка айылындагы «Бал бөбөк» бала бакчаларынан кабар алып, күн суукта кандай абалда иштеп жатышкандыктарын жана жылытуу системдерин көрүп чыкты. Бала бакча башчылары менен алдыдагы максаттар талкууланды.