Аксы районунда малын уурдаткан жарандар бүгүн, 15-декабрда Райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына чогулушту. Муну аталган райондун акимчилигинен тастыкташты. Чогулган жарандар мал уурдоо кылмыштары боюнча иликтөөнүн калыс жүрүшүн талап кылышууда.
Эскерте кетсек, 13-декабрда аталган райондун Ак-Дөбө айылынан 3 жылкы уурдап бара жаткан жеринен Өзбекстандын 23 жаштагы жараны кармалганы кабарланган эле. Ушул жана башка фактылардан жабыркагандар райондук милициядан ишти калыс иликтөөнү талап кылышууда.