“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” 4-Эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы 4-Эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. 

Аталган кинофестиваль 12-декабрда башталган. Ага КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринен 13 тасма, ал эми улуттук сынакта 10 тасма катышкан. Ошондой эле кинофорумдун жүрүшүндө көрүүчүлөр өзүлөрүнө жаккан тасмага добуш беришип, ага ылайык, "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" номинациясы да тапшырылды. Сыйлыктарды режиссёрлор Эрнест Абдыжапаров, Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат, кино сынчысы Гүлбара Төлөмүшова жана башкалар ыйгарышты.

Улуттук сынакта жеңип чыккан ата мекендик режиссёрлордун тасмасы: 

"Мыкты тасма" - "Прах земной", режиссёру Чолпонай Бөрүбаева;

"Мыкты режиссура" - "Жена моего отца", режиссёру Венера Жаманкулова;

"Калыстардын атайын сыйлыгы" – "Физрук, золото и река", режиссёру Аманбек Ажымат;

"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" – “По следам хищника”, режиссёру Азамат Арыков.

Эл аралык сынакта төмөнкү тасмалар жеңүүчү аталышты:

"Мыкты тасма" - "Каждый первый", режиссёру Николай Котяш (Орусия)

"Мыкты режиссура" - "Лифт", режиссёру Асан Жанталиев (Кыргызстан)

"Калыстардын атайын сыйлыгы" – "Дом №16", режиссёру Азиз Ахмеджанов (Өзбекстан) жана "Отражение", режиссёру Айшад Сафаралиев (Азербайжан). 

"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" – «Ах, Вели, Вели…», режиссёру Бюль-Бюль Мамедов (Түркмөнстан). Ошондой эле комедия жанрындагы аталган тасмага калыстар тобу көрсөткөн атайын сыйлык тапшырылды. 

Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын статуэткасы, дипломдору жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Тойгонбаева, Элиза Орозова, "Ак марал" бий ансамбли жана башкалар өнөрлөрүн көрсөтүштү. 

Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсүбү?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aitbek.06
2014-12-16 08:26:16
сонун
0
crishti_7
2014-12-16 08:44:48
сары койнокчон, чолпонайбы?
0
Guli.K.E.
2014-12-16 09:25:09
crishti_7, Элиза Орозова деген болуш керек по моему...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан