Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандайдыр бир документ берүүдө, кызмат көрсөтүүдө, жөлөк пул берүүдө жарандардын биометрикалык маалыматын тапшырып-тапшырбаганын текшерүүгө алууда. Биометрикалык маалыматын бере элек жарандар түрдүү тоскоолдуктарга кабылып жатышат. Муну бүгүн, 16-декабрда өздүк булактарыбыз билдиришти. Маалыматка таянсак, окуя мындай: Жаран каттоосун айылдан чыгарып, шаарга каттоого туруу иштери боюнча айылдык паспорттук столго кайрылган. Бирок аталган мекеме жарандын өтүнүчүн орундатуудан баш тартып, алгач биометрикалык маалыматын тапшырып келүүсүн талап кылган.
Өздүк булактарга таянсак, ата-энесинин биометрикалык маалымат тапшырбаганы үчүн мектеп окуучуларын кысымга алуу фактылары катталууда. ЖОЖдордо студенттерден сынак тапшыруудан мурун биометрикалык маалыматтарын тапшыруу талап кылынып жатканы айтылууда.
16-декабрда маалымат жыйын өткөргөн юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов биометрикалык маалыматтар биринчи кезекте мамлекетке эмес, карапайым калкка керек экенин айтты. Анын айтымында, эгер жаран 2015-жылдын июль айына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса, шайлоодо добуш бере албайт, документ, жөлөк пул алууда да маселе жаралат. Кыскасы, укуктары чектелет.
Кошумчалай кетсек, өздүк маалыматтарды чогултуу иши быйыл августта башталган. Анда 16 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар маалыматтарын тапшырууга милдеттүү. Өкмөт биометрикалык маалыматтар биометрикалык паспорт үчүн эле эмес, кылмыштуулукту кыскартуу жана таза шайлоо өткөрүү үчүн да пайдаланарын маалымдап келген.