15-декабрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов 81 жашын белгилеп жаткан маданияттын ардагери Марклен Баялиновдун абалы менен таанышты. Мекемеден билдиришкендей, Марклен Баялинов келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, эң башкы тилеги Кыргыз Эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун повестинен аты коюлган, 1916-жылкы Үркүнгө арналып Боом капчыгайында, Бишкек-Балыкчы унаа жолдорунда орун алчу "Ажар" эстелигинин бүтүрүлүшү экенин айтты.
"Эстеликти куруу жалпы элдик курултайда кабыл алынган. Тилекке каршы, Писарскийдин автордук архитектуралык ою жүзөгө ашкан жок. Бир гана үмүт 2016-жылы белгиленчү 100 жылдык мааракесинде",- деп билдирди М.Баялинов.