Москвада Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагы жарык көрдү

Москвада Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу Эл аралык мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы бүгүн, 16-декабрда билдирди. 

Маалым болгондой  Москвада 15-декабрда Орусия мамлекетинин алдындагы Орус тили боюнча кеңешинин жыйынында аталган корпорациянын башкы директору Иван Поляков Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын тартуулаган.

Ал сөзүндө: “Китеп окуган жана билимдүү адамдын баары, географиялык аймакка карабастан, улуу совет жазуучусу, көптөгөн адабият жана мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын таанышат. Ал өзүнүн чыгармаларында, анын ичинде орус тилинде айткан баалуулуктарды жайылтуу жана сактоо зарыл”,- деп белгиледи.

Кеңештин жыйынына Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ольга Голодец, Орусия Федерациясынын Билим жана илим министринин орун басары Вениамин Каганов, Орусиянын президентинин кеңешчиси Владимир Толстой жана башкалар катышты.  

Ч.Айтматовдун чыгармалар жыйнагы жазуучунун 85 жылдыгына арналып, 2013-жылы кол коюлган үч жактуу меморандумду ишке ашыруу алкагында чыгарылган. Меморандум боюнча жыйнактар Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана билим берүү жайларына белекке берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан