Ош. Ноокат районунда "Тынчтыкты орнотуу" аталыштагы окуу семинары болуп өттү

Ош облусундагы Ноокат районунда бүгүн, 16-декабрда “Тынчтыкты орнотуу" аталыштагы окуу семинары орун алып, ага катышкан дин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө сертификат тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуу семинарына Ноокаттын жана Гулистан, Мирмахмудов айыл өкмөттөрүнүн дин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 48 кызматкери катышты. Окуу семинарынын жүрүшүндө катышуучуларга "Мутакаллим" жана Эл аралык толеранттуулук фондунун өкүлдөрү тарабынан этника аралык чыр-чатактар, элдешүү, тынч жамаат түзүү, адам укуктары, аялдар жана зомбулук тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча маалыматтар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан