Жаңы жылда фейерверк аттырылган соң Бишкектеги автобустар жана троллейбустар жарандарды конуштарга жеткирет

Жаңы жылда Бишкек шаарынын коомдук транспорту кадимки режимде иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 31-декабрынан 2015-жылдын 1-январына караган түнү саат 00:00дөн тарта муниципалдык автобустар жарандарды "Ала-Тоо" аянтынан конуштарга жеткире баштайт. Бул түнү жарандар төмөнкү даректерге жете алышат: 
1. "Ала-Тоо" аянты – 12-кичи район, Асанбай кичи району;
2. "Ала-Тоо" аянты – Ала-Тоо конушу;
3. "Ала-Тоо" аянты – Тынчтык конушу;
4. "Ала-Тоо" аянты – Ак-Босого конушу;
5. "Ала-Тоо" аянты – Туңгуч кичи району;
6. "Ала-Тоо" аянты – "Аламүдүн-1" кичи району.
Ал эми троллейбустар №4, №10, №7 жана №9-маршруттар менен каттайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur-patriot
2014-12-16 16:53:32
сонун го. Рахмат мэр! таксиге 500 сом акча алуунун кереги жок экен да эми.
0
Beksultan01
2014-12-16 17:18:35
Бул нерсени Мелис Мырзакматов 3жыл мурда ишке ашырган.
+3
danyshman
2014-12-16 18:07:33
Мелис Мырзакматовдун методун колдонушуптур молодец мэр.Баш иштей баштайт деген ушул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан