Кой-Ташта командирлик даярдык боюнча сабактар өтүүдө

16-18-декабрда 73809-аскер бөлүгүнүн ок атуу шаарчасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана өзүнчө бөлүмдөрдүн өздүк курамдарына командирлик даярдык боюнча сабактар өтүлөт. Сабактардын жүрүшүндө катардык даярдыкка жана аткыч куралдардан ок чыгарууну камтыган ок атуу даярдыктарына, ошондой эле дем алуу органдарын коргоо жана байланыш каражаттары менен иштөө жумуштарына негизги көңүл бурулат. Командирлик даярдык боюнча сабактар Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 2014-жылдын 1-декабрында башталган 2015-жылга карата аскерлерди, кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди башкаруу органдарынын планына ылайык уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Башкы штабдан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан