2014-жылдын 10 айында өлкөдө орточо эмгек акы дээрлик 13 миң сом болду

2014-жылдын ноябрь айынын аягына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 58,4 миң адамды түзүп, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,9 пайызга азайды. Бул тууралуу 16-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү 2014-жылдын январь-октябрында 1,5 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык акы 12 984 сом деңгээлинде түзүлдү.

Ал эми тышкы соода жүгүртүү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-октябрында 5 809,1 миллион АКШ долларын түзүп, 2013-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт 1 264,7 миллион АКШ долларына, импорт 4 544,4 миллион АКШ долларына барабар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zman53
2014-12-16 19:37:56
Чиновниктер бул цифраны кайдан алган?Бир дагы завод-фабрика иштебесе,иштеген фирмалардын баары "двойной" бухгалтерия менен иштесе,швеялардын баардыгынын эмгек книжкасы жок болсо,кайдагы 12000 сом?
0
Ariet7
2014-12-16 19:39:59
каякьагы сумманы жазып коюшкан? яя?
0
AbdulAzim
2014-12-16 20:07:13
кайсыл жакта ушундай экен барып иштейин
0
bulbulboy
2014-12-16 20:14:45
ээх асмандан алган цифралар да,азыр ошол депутаттар 40 000 ... 50 000 алышат,ошолордун пол жуугучтары 13 000 алса керек? а айыл жергесиндеги карапайым эл 5000, эн коп алган 10 000 сом эле, жомокторду жазбай,кудайды бир карап чындыкты айткылачы э
0
temirov76
2014-12-16 21:02:06
Мен да тан калып турам
0
shiko
2014-12-16 22:25:01
Ааиий мындай айлык болсо мен барып иштейинчи.34 жыл стажы бар апам 12 миндей алат.эртеден кечке чейин.ал эми стажы жоктор 1000 ден баштап алат.суйлойт десе ойлонбой суйлошот
0
Bella-life
2014-12-17 00:13:34
Ушунча алган кундо да бул айлыкка бир мешок ун,
бир тонна комур алгандан кийин омиий...
Дары дармек асмандын башы...
Азыр коп эл карыз куруз м.н
акчаны ары чоюп бери чоюп жашап жатышат..
0
Sagy
2014-12-17 01:45:42
Bella-life, 13 мин эмес, 130 мин айлык алган адам да жеткизе албайт, нафсисин тыя албаса..
-3
Sagy
2014-12-17 01:42:45
Не прям 13000 сомдон жогору айлык алгандар жокпу? Менимче жаштардын кобу азыр 20000 ден жогору алышса керек. Хотя..айлык алыш учун биринчи баш анан эмгек керек)
-3
uulay
2014-12-17 09:40:21
Айылда мугалим эжем 8000 эле алат. Жесир,уч баласы бар. Эптеп кун откоруп жатат. Биз жардам беребиз. Анан кайдагы 13000 билбейм
0
munar85
2014-12-17 11:09:18
Мен озум тааныган адамдардын айлыгын эсептеп коройун женем мугалим4000с,тайнем пенсианер4600с,карындашым банкир8000с,досум ППС12000с,кошунам электрик10000с,эжем мугалим5000с,дагы бир женем мед.айым6500с,дагы бир досум инкасатыр20000сом айлык алышат.Булардын ар бири ушул алган айлыгы мн оз уй-булосун багып жатышат.Эми орточо айлык акыны чыгарсак 8762сом эми кайдагы орточо айлык 13000с деп жатышат тушунбойсун.
+1
admin_portal
2014-12-17 11:44:20
Урматтуу колдонуучулар!
Кабар Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча жазылган.
Эгер сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр.
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-17 19:48:55
шол айткан 13мин болсо да бардык жумушу жок жаарандарды иш менен камсыз кылсынчы биринчи анан орто есепти чыгарсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан