Дүйнө боюнча Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 18,5 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда чет элдик маалымат каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эбола вирусун 18 464 адам жуктуруп, анын ичинен каза тапкандардын саны 6841 адамды түзүүдө. Учурда Либерияда абал курч бойдон калууда, ал жакта Эбола вирусун 7797 адам жуктуруп, анын ичинен 3290 адам көз жумган. Сьерра-Леонеде аталган вирусту 8273 адам жуктуруп, 2033 адам каза тапты. Ал эми Гвинеяда 2394 адам Эбола жуктуруп, анын ичинен 1518 адам каза болду.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери белгилегендей, эпидемиянын очогу болгон өлкөлөрдө Эболадан каза тапкандарды көмүүдө жана дарылоодо бардык санитардык шарттар сакталууда. А бирок айрым аймактарда ал мүмкүнчүлүктөр жетишерлик деңгээлде эмес.
Эске салсак, октябрь айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Мария Пауле Кайни Эболадан жаңы вакцина жасаларын айткан. Ал өз сөзүндө: “Эки вакцина коркунучтуу илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Калган үч вакцина оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын башынан тарта сыналат”,- деп билдирген. Аталган вирустун айынан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне аймактарында катталууда.